Революциялык кыймылдын төрагасы Азимбек Бекназаров, мүчөлөрү Анвар Артыков жана Топчубек Тургуналиев бүгүн райондун Кара-Жыгач айлындагы мал базарга жыйналган эл менен баарлашты. Алар кыймыл эмне себептен алдына президент К.Бакиевди кызматтан кетирүү талабын койгон максатын түшүндүрүштү. Жыйында социалдык-экономикалык абал талкууга алынып, март ыңкылабынан берки жүргүзүлгөн саясатка нааразылык болду. Бийлик эл үчүн иштебей, калкты ойлобой калганы белгиленди. Чогулуш эл үмүтүн актабаганы үчүн президент, өкмөт, аким-губернаторлор жана айыл өкмөт башчылары толугу менен бийликтен кетсин деген чечим кабыл алды. Ревкомдун Аксы району боюнча координаторлугуна Коконбек Жаманкулов шайланды. Мындай маалымат «Асаба» партиясынын мүчөсү Кубанычбек Маматкеримовдон алынды. (YA)