Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Түркмөнстан: укук коргоочу активист абактан бошотулду


Түркмөнстандагы абактардын бири, 10-июль 2008
Түркмөнстандагы абактардын бири, 10-июль 2008

Түркмөнстанда белгилүү коомдук активист Валерий Паль президенттин мунасасына ылайык абактан кое берилди. Мунаса өлкөнүн Нейтралитет күнүнө карата жарыяланган. Human Rights Watch жана бир катар башка укук коргоочу уюмдар Палга тагылган айыптын артында саясий жүйөө турат деп ырасташууда.

Eurasia View басылмасы жазганына караганда, 60 жаштагы Валерий Паль быйыл майда 12 жылга кесилген. Активисттин тарапкерлери анын иши атайлап жасалган деп ырасташууда.

Human Rights Watch уюмунун билдиргенине ылайык, “Паль өзү иштеген мунай ишканасынан 2004-жылы компьютерлердин картридждерин жана башка буюмдарды уурдаган деп күнөөлөнгөн. Айыптын 4 жылдан киийн гана тагылганы, бул иштеги көптөгөн мыйзам бузуулар Палдын камалышынын артында саясий жүйөө турат деп айтууга негиз берет”. Уюм кесиби боюнча компьютер инженери Паль актвисттерге сырт дүйнө менен байланыштырган Интернетти орнотууга жардамдашкандыгы үчүн жазаланган деп ырастоодо.

“Түркмөн демилгеси” деген укук коргоо уюмунун жетекчиси Фарид Тухватуллин Палдын азат кылынышын кубаттап, ошол эле маалда алардын уюму кеминде 4 активистти бошотуу маселесин көтөрүп келгенин айтат:

- Валерий Палды бошотуу фактысы бизди кубандырат. Биздин ишмердүүлүгүбүз натыйжалуу болгону да сүйүндүрөт. Бирок көптөгөн эл аралык конференция, жыйындарда, эл аралык уюмдардын адистери катышкан жолугушууларда биз акыркы кезде камалган кеминде 4 киши жөнүндө маселе козгогонбуз. Алар өздөрүнүн активдүү жарандык позициясы үчүн абакка отургузулган.

“Чегарасыз кабарчылар” уюмунун (Reporters sans frontières) КМШ өлкөлөрү боюнча координатору Элза Видал Түркмөн бийлигинин кадамын кубаттаганы менен кеңири реформалар жүргүзүлүүгө тийиш деп белгилейт.

- Укук коргоочу активистти парламенттик шайлоонун алданды түрмөдөн кое берүү абдан жакшы жышаана. Бирок бул жетиштүү эмес. Бардык саясий туткундар, бардык камалган журналисттер бошотулушу керек. Эркин маалымат каражаттарынын иштешине жол берүү, менчик маалымат каражаттарын түзүү укугун камсыздоо керек. Укук коргоо уюмдарына, бейөкмөт топторго өлкөдө иш жүргүзүүгө уруксат берилүүгө тийиш.

Өткөн айда Human Rights Watch Германиянын канцлери Ангела Меркелге кат жолдоп, түркмөн президенти Гурбангули Бердимухаммедов менен сүйлөшүүлөрдө адам укуктары маселесин козгоого үндөгөн. Арийне, Eurasia View басылмасынын ошол кезде жазганына караганда, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө Түркмөнстандагы адам укуктарынын абалы жөнүндөгү маселе козголду деген кабар түшкөн эмес.

“Демократиялык реформалар жөнүндөгү убадаларга карабай, Түркмөнстан дүйнөдөгү эң репрессивдүү жана авторитардык өлкө бойдон кала берүүдө”, - деп билдирди 10-декабрда Human Rights Watch уюму.

XS
SM
MD
LG