Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:11

Чыңгыз Айтматов тирүү болгондо бүгүн 80 жашка чыкмак


Замандын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовду эскерип, бүгүн эртең менен президент Курманбек Бакиев баш болгон мамлекет жетекчилери, замандаштары “Ата Бейиттеги” анын көрүстөнүнө барып гүл чамбар коюшат. Андан соң Улуттук китепканада “Ала-Тоодон ааламга жол салган Айтматов” аттуу даректүү фото-китеп көргөзмөсү ачылат. Гапар Айтиев атындагы сүрөт музейинде “Тоолор кулаганда” аттуу көргөзмө уюштурулат. Ала-Тоо кинотеатрында “Ак кеме” кинотасмасы көрсөтүлүп, режиссердук топ жана актерлор менен жолугушуу болот. Кечке маал Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын 8 томдугунун бет ачары кыргыз искусствосунун чеберлеринин концерти менен коштолот. Бул тууралуу Маданият жана маалымат министринин орун басары Орозбек Айдаров “Азаттыкка” билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG