Жолугушууда өлкөдөгү саясий-экономикалык абал, оппозициянын сунуштап жаткан өлкөнүн жаңы саясий системасынын концепциясы, бириккен оппозициянын максаты тууралуу кеп болгон. Ошондой эле “Миң жылдыктын чакырыктары” программасынын алкагында сөз болуп, коррупциялашкан өкмөткө каражаттан жардам берүү же бербөө жөнүндө маселе козголгон. “Өз өлкөмдүн патриоту катары АКШ Конгрессинин өкүлүнөн акча каражаттан жардам берүүсүн, бирок анын пайдаланышына көзөмөлдү күчөтүүсүн өтүндүм”,-дейт “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев. (AJ)