Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:54

Эртең Азаттыктын жаштары Чүйдөгү мектеп окуучулары менен жолугушат


"Азаттык плюстун" толук курамы эртең Ысык- Ата районундагы Айдаркан Молдокулов атындагы орто мектептин окуучулары менен жолугушат. Жолугушуу «Ч. Айтматов жана жаштар» деген теманын алкагында өтөт. Аталган мектептин директору Капар Малдыбаевдин айтымында окуучулар жолугушуу учурунда Ч. Айтматовдун чыгармаларынан аткарып, ага арналган ырларды окушат. Ал эми "Азаттык плюс" жаштар программасынын алып баруучулары жана журналистери окуучулар арасында сынактарды уюштуруп, чакан белектерди тапшырышат. Иш чаранын аягында болсо мектеп китепканасына Ч. Айтматовдын атайын бурчун ачышып, жазуучунун китептерин белек кылышат.(JJ)

XS
SM
MD
LG