Буга байланыштуу коомдук кеңеш 16-декабрда бийлик өкүлдөрүн, укук коргоо органдарын жана бейөкмөт уюмдарын чакырып, кеңири талкуу уюштура турган болду. Эскерте кетсек 1-октябрь Орозо айт күнү Ноокатта майрамдык иш-чараларды борбордук аянтта өткөрүүгө жергиликтүү бийлик тыюу салып, нааразы болгондор райондук мамлекеттик администрациянын имаратына зыян келтиришкен.
Ноокат районунда 1-октябрь Орозо айт күнү болгон баш аламандыктан кийин ага тиешеси бар делген 32 адам кармалып, алардын аркасы 9, алды 20 жылга соттолгон. Алардын ичинен 16 жаштагы жетиле элек жаш бала 9 жылга, дагы бирөө 15 жылга, үчөө - 18, төртөө - 16, алтоо – 19, жетөө - 17 жана ону 20 жылга күчөтүлгөн режимдеги түрмөлөргө кесилген. Кылмыш жообуна тартылгандардын экөө аялдар.
Акыйкатчы институтунун алдындагы укук коргоочулардын коомдук кеңеши бул окуя боюнча терең анализ жүргүзүү зарылдыгын, негизги күнөөлөрү катары – мамлекеттик имаратка зыян келтирип, конституциялык түзүлүшкө коркунуч туудурушканы айтылган жарандарга карата абдан эле катаал чечим чыгарылып калганын айтышып, 16-декабрь күнү бул маселени кеңири талкуулоого чакырышууда.
“Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси, Акыйкатчы институтунун алдындагы коомдук кеңештин мүчөсү Азиза Абдрасулованын айтымында, 2005-жылы борбор шаардагы өкмөт үйү талкаланып, таш бараңга алынгандан кийин бирөөлөрү бийликке келип атса, ошол эле адамдар тушунда райондук администрацияны таш бараңга алгандар 20 жылга чейин кесилип жатканы туура эмес көрүнүш. Ошол себептүү бул иш ушуну менен эле жабылып калбашы керек:
- “Хизб-ут-тахрир” уюмунун программалык максаттарын, алардын уставын, ошолордун келекчекке койгон максаттарын элдер билет бекен? “Хизб-ут-тахрир” уюмунда болгондору үчүн камадык дееп атышат. А булардын эмнеси жаман экен? Ким ошону түшүндүрүп атат? Ал эмес “Хизб-ут-тахрирдин” эмнеси жаман экендигин мага түшүндүрүп бере турчу бийлик өкүлү жок. Эгер түшүндүрүшпөсө, булардын жаман экендигин эл билбесе, анда бара беришет да аларга. Мына, Өзбекстан ушундай катаал мамилелерди баштаган. Азыр Өзбекстанда кичине баш көтөргөндөрдүн ичинен камалбаган адамдар аз эле калды. Алар өз оюн ачык айтып койгондорду деле камап салып атышат. Кыргызстан эми ошолордун жолуна түшүп атпайбы.
Саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиев, мындай кадам – бийликтеги адамдардын сабатсыздыгын, алардын деңгээли дале эски коммунисттик доордогудай калып жатканын, алардын болуп жаткан окуяларды талдай албагандыгын билдирип турат деп эсептейт:
- Мен жанагы кесилип кеткендерди актабайм, бирок алардын жазасы абдан эле катаал болуп атпайбы. Алар же бирөөнү өлтүрбөсө, биринчи жолу жоопко тартылып атышса... Менимче алар Ноокатта канчалык тартип бузушса да анчалык күнөөлүү эмес да. Негизги күнөөлүүлөр мобул жактарда жүрүшкөн алардын чоңдору, аларды көкүтүп аткан адамдар да. Ошолорду табыш керек. Негизи, “Хизб-ут-тахрир” уюмундагылар бир топ бар болуп аткандан кийин, алар менен да сүйлөшүш керек. Алар маселен, “өлтүрөбүз, жок кылабыз” деп айтышкан жок да. “Биз Халифат курабыз” деп атышат. Эми айтса айта берсин, бул алардын идеясы да. Тетиринче көмүскөгө кууган сайын ошончолук экстремисттик маанай күчөй берет.
Ошондой эле укук коргоочулар эл арасында тыюу салынган “Хизб-ут-тахрир” уюму тууралуу маалыматтар жок болуп жатканын, бийлик бул кенемтени толтуруу үчүн тиешелүү чараларды көрө албай атканын айтышат.
Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бактыбек Иманалиевдин пикиринде, Ноокаттагы баш аламандыкка катышкан адамдарга колдонулган жаза эң туура болгон жана мамлекет мындан ары да “Хизб-ут-тахрир” сыяктуу тыюу салынган уюмдар менен эч качан сүйлөшүүгө барбай, катаал чараларды көрүшү керек:
- Ким болсо да мыйзам алдында бирдей болушу керек. Ал адамдар мыйзамды бузуп, биринчиден тыюу салынган уюмга мүчө болушса, экинчиден мамлекеттик имаратты бүлдүрүп-талкалашса, туура эмес иштерди кылышса эмне кылыш керек эле андан башка. Менин оюмча туура эле жаза болду. Анан өкмөт түшүндүрүү иштерин жакшы жүргүзбөй жатат дешет. А эмнеге биз түшүндүрүшүбүз керек экен, ал партияга кирбегиле деп? “Хизб-ут-тахрир” деген биздин мамлекетте тыюу салынган уюмдардын тизмесинде да. Жанагы укук коргоочулар да өз укуктарынан аша чаап кетип атышат. Биз ушинтип жумшак болуп атып, демократия деп атып, жанагыдайлардын укуктары бузулду деп атып, бизде ушундай окуялар көп болуп атат.