Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:21

Алайдын Сары-Таш кыштагына Фергана өрөөнүндөгү эң чоң соода борбору курулат


Бул туурасында «Азаттыкка» кабарлаган Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин экономикалык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Казымжан Курбановдун айтымында, 200 гектар аймакка ондогон ишканалар, соода түйүндөрү жана бажы терминалы курулуп, 3 миң адам жумуш менен камсыз болмокчу. Учурда Кытайдан инвесторлордун келиши күтүлүүдө. Көз карандысыз экономист Эркин Абдыразаков Курбановдун айтканын ишке ашпас кыял катары баалады. Анткени, талдоочунун маалыматына караганда, Кытай тарап Кыргызстанга чектеш Сымкана аймагына ири соода борборун куруп бүткөлү калды. Ал ишке түшсө, Сары-Таш конкуренцияга жарабай калат. (ATo)

XS
SM
MD
LG