Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:56

“Ак жол” кабыл алган мыйзамдардын көпчүлүгү адам укуктарына каршы


Бул тууралуу "Азаттыкка" "Жарандар коррупцияга каршы" укуктук борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова билдирди. Анын айтымында, “Ак жол” кабыл алган мыйзамдын 60% элдин кызыкчылыгына эмес, Ак үйдөгү бир ууч атка минерлердин кызыкчылыгы үчүн кабыл алынган. Бул борбор соңку жылдары парламентте кабыл алынган мыйзамдарга моиторинг жүргүзгөн соң ушундай жыйынтык чыгарган. “Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясынын депутаттары кабыл алган мыйзамдардын көпчүлүгү адам укуктарына, эркиндигине карама каршы келип, авторитардык режимге кайтып баратат. Теле-радиоберүүлөр жөнүндөгү мыйзам, тынч митингдерге чектөөлөрдү киргизүү жана экономикалык багытта дагы бир катар мыйзамдар элдин мүдөөсүн аткарбайт”, - дейт Исмаилова. Ал ошондой эле ушул маселе боюнча жана бийликтин көз карандысыз маалымат каражаттарына жасап жаткан кысымына байланыштуу келерки аптада жыйын өткөрүшөрүн кошумчалады. (AJ)

XS
SM
MD
LG