Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Британия Пакистанга террорчулукка каршы күрөш үчүн жардам берет


Британиянын премьер-министри Гордон Браун Пакистанга терроризмге каршы күрөшүү үчүн жардам берилет деп билдирди. Атап айтканда өлкөгө миллиондогон доллар каражаттан тышкары технология жагынан көмөк көрсөтүлмөкчү. Бул тууралуу Браун Исламабадда Пакистан президенти Асиф Али Зардари менен сүйлөшүүлөрдөн кийин маалымдады. Анын аралыгында Индиянын өкмөт башчысы Манмохан Сингх Пакистан менен мамилелерди нормалдаштыруу ниетин ортого салды. Бирок Пакистан өз жергесин Индияга каршы чабуулдар үчүн пайдаланууга жол берип жаткан кезде бул мүмкүн эмес, - деди Сингх. Дели Мумбаидеги кол салуу үчүн Пакистанда жайгашкан мусулман согушкерлерин айыптап келатат. Ноябрдын этегинде болгон теракттардан 170 киши шейит кеткен.

XS
SM
MD
LG