Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июнь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

Британия Пакистанга 9 миллион доллар жардам бөлөт


Ал каражат терроризмге каршы күрөш үчүн жумшалат. Бур тууралуу Британиянын премьер-министри Гордон Браун Исламабадда президент Асиф Али Зардари менен жолугуушуудан кийин билдирди. Анын аралыгында, Индиянын премьер-министри Манмохан Синх расмий Дели Пакистан менен мамилелердин оңолушун каалай турганын билдирди. “Бирок Индияга каршы чабуулдарды уюштурган террорчулар Пакистандын аймагын колдонуп келген чакта жакшы мамилелер тууралуу сөз да болбойт”,- деп белгиледи Индиянын премьер-министри. Индия өткөн айда Мумбай шаарында 170ден ашуун адамдын өмүрүн алып кеткен бир катар террордук чабуулдарды Пакистанда жайгашкан террорчулар уюштурду деп айыптап келет.

XS
SM
MD
LG