Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Эртең Чүйдүн райондорунда нааразылык иш чаралары башталат


Бул туурасында аймактагы бир катар бейөкмөт уюмдардын жетекчилери «Азаттыкка» кабарлашты. Алардын белгилөөсүнө караганда, биринчи нааразылык иш чарасы Москва районунан башталат. Аталган райондогу «Болуш» ассоциациянын жетекчиси Сапар Аргынбаевдин айтымына караганда, райондогу ички иштер кызматкерлери нааразылык акциясына болгон даярдыкка ар кандай тоскоолдуктарды кылышууда. Бирок буга чейин губернатордун биринчи орун басары Турусбек Султаналиев акцияны өткөрүүгө жергиликтүү бийликтин уруксаты сөзсүз болсун деп эскерткен. Ал эми нааразылык акциясы жеке турак үйдүн короосунда өткөрүлгөнү жатат, андыктан жергиликтүү бийликтен уруксат албайбыз деп билдиришет уюштуруучулар. Ушундай эле маанайдагы нааразылык иш чаралары 22-декабрда Чүйдүн бардык райборборлорунда уюштурулаары күтүлүп жатат. Элдин негизги нааразылыгы электр энергиясына байланыштуу болууда. (JJ)

XS
SM
MD
LG