Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Аялдарга зомбулук көрсөтүүгө каршы акция аяктады


“Аялдардын укугу адамдардын жалпы укугу” деп аталган 16-күндүк акция Европа Биримдигинин көмөгү менен өткөрүлдү. Быйылкы акцияга катышкан адамдардын саны 400 миң адамдан ашып, коомчулуктун көңүлүн аялдарга жасалган зомбулукка, алардын укугун коргоодо мамлекеттин жоопкерчиликтүү экендигине бурууга шарт түзүлдү. “Сорос-Кыргызстан” фондусунун директору Кумар Бекболотовдун айтымында, Кыргызстанда кыз ала качуу, жашы жете электерди күйөөгө берүү, окуу жайларда, ишканаларда жыныстык катнашка мажбурлоо жана аялдарга карата эски көз караштардын көбөйүшү зомбулуктун күчөшүнө жол ачууда. Ага каршы күрөшкө элди чакырып, жалпы өлкө боюнча өткөрүлгөн акция кордук, зомбулукту болтурбоого коомчулуктун катышын жогорулата алды.(BD)

XS
SM
MD
LG