Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

Кыргызстандык зыяратчылардын алды кайтып келишүүдө


Сауд Аравиянын падышасынын чакыруусу менен барган Медий ажы Акматжан уулу да кечээ ажылык сапардан кайтып келди. Медий ажы бул сапардын өзгөчөлүктөрү тууралуу “Азаттыктын” таңкы түз обосунда айтып берди.

- Медий ажы, Мекеге аман-эсен барып келдиңиздерби?

- 2-декабрда учуп чыкканбыз, 14үндө эртең менен бул жакка аман-эсен келдик.

- Сиз Мекеге Сауд Аравиянын падышасынын чакырыгы менен барыптырсыз, канча киши барды жана андай чакыруу кандай жол менен кимдер аркылуу берилет экен?

- Биз Алладан суранып, көптөн бери ниет кылып жүргөнбүз, Кудай буюруп 30 адам барып келдик, жакшы тосуп алышты, баардыгы Алланын ыраазычылыгы менен болду. Биздин баскан-турган жерибиздин, зыярат кылган жерлерибиздин баары тең абдан жакшы деңгээлде өттү.

- Падышанын чакыруусу кандай жол менен, кимдер аркылуу берилет экен?

- Аравиянын бул жактагы өкүлчүлүгү аркылуу барып калдык.

- 30 кишини кантип тандап алышты?

- Ал жерде жолдомо берилиш керек, бирок ага Кыргызстандын баардык булуң-бурчтарынан зыяратчылар алынды.

- Өз каалоолору менен барган 4 жарым миң адамдан падышанын чакыруусу менен баргандардын айырмасы кандай болот экен?

- Падышанын чакыруусу менен баргандардын айырмасы өтө бийик деңгээлде болот экен, салыштырмалуу Кыргызстандын квотасы менен баргандарга караганда айырмасы аябай эле чоң болот экен

- Ошол айырмасын айтып өтсөңүз?

- Айырмасы - бизди аэропорттон өкүлчүлүктөр жакшылап тосуп алышты, дароо эле мейманканаларга жайгаштырып, анан зыярат кылчу жерлердин баарына автоунааларды камсыз кылып, тамак-ашты камсыз кылып, бардык жерлерде сабак өтүп турду.

- Сауд Арабстандын падышасы менен жолугуша алдыңарбы?

- Ал киши менен жолугуша алган жокпуз, бирок анын кол алдында иштеген кишилер менен кезигишип, алар менен баарлашып аттык.

- Ал эми Мекеден кыргызстандыктарга жолуктуңузбу, алардын абалы кандай экен?

- Кыргызстандыктарга жолуктук. Ал жердеги чоң мечиттен, Каба ташка кирген жерден, Мина деген жерде шайтанга таш ыргытуу учурунда кезигип аттык. Кезиккен жерден бири-бирибизди куттуктап аттык. Бул жерге барыш укмуштай сыймык, жүрөктө калчу нерсе экен, бул бир Алланын колунда экен.

- Быйыл зыяратка баруучуларга кандай шарттар түзүлүптүр?

- Жылдан-жылга абдан жакшырып атыптыр. Ал жерде көпчүлүк болуп, адамдар зыянга учураган жерлер бар экен, ал жерлердин баарын кеңейтип, адамдар басып-турганга абдан ылайыкташтырып, укмуштай жакшы жасап атыптыр.

XS
SM
MD
LG