Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:01

Таиландда жаңы премьер-министр шайланды


Өкмөт башчылыгына эми оппозициядагы Демократиялык партиянын лидери Абхист Ветчачива келди. Анын талапкерлигин өлкө парламенти көпчүлүк добуш менен колдоду. Оппозиция лидеринин өкмөт башчылыкка келиши жакында Конституциялык соттун чечими менен кызматтан четтетилген мурдагы премьер-министр Сомчай Вонгсаваттын жактоочуларынын нааразылыгын жаратты. Алар парламент имаратын камалооого аракеттеништи. Таиланд оппозициясынын өкмөттүн отставкага кетүүсүн талап кылган нааразылык акциясы өткөн айда Бангкоктун эки аэропортунун басылып алынышы менен аяктаган эле. Натыйжада миңденген чет элдик туристтер бир нече күндөп, мекенине кайта албай калган.

XS
SM
MD
LG