Москва шаарынын соту орусиялык улутчул жаштар тобунун жети мүчөсүн улуттук жүйөөдөгү 20дай кылмышты жасаганы үчүн алты жылдан жыйырма жылга чейин түрмөгө кести. Бул топ улуту славян эмес мигранттарга 2006-2007-жылдары кол салып, алардын айрымдары боюнча видео тасмаларды Интернетке чыгарышкан.