Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:00

АКШ президенти Ооганстан үчүн оор күндөр алдыда деп эсептейт


Кабулга күтүүсүз сапар менен келген АКШ президенти Жорж Буш бул тууралуу ооган президенти Хамид Карзай менен чогуу өткөргөн маалымат жыйыны учурунда билдирди. Буш белгилегендей, Ооганстанда талиб жана "ал-Каида" согушкерлерине каршы күрөштө "оор күндөр али алдыда". АКШ президенти ага катар ооган ээлин эзип келген талибдер азыр бийликте эмес экенин, бирок өлкөдө тынчтыкты жана стабилдүүлүктү калыбына келтирүү үчүн али көп нерсе жасоо зарылдыгын кошумчалады. Ооган президенти Хамид Карзай болсо анын өкмөтү өлкөдө террорчулар менен экстремисттер жеңилмейинче эл аралык коомчулук менен кызматташарын убада кылды.

Бул аралыкта ооган расмий өкүлдөрү НАТО менен ооган күчтөрүнүн соңку операциясы учурунда Талибандын 40 согушкери жок кылынганын маалымдашты. Уруш өлкөнүн түштүгүндөгү Гильменд провинциясында болгон.

XS
SM
MD
LG