Ирактын миңдеген тургундары АКШ президентине бут кийимин ыргыткан журналисттин абактан бошотулушун талап кылып, демонстрация өткөрүштү. Ирактык расмий өкүлдөрдүн айтымында, Мунтадхар ал-Зейдини жекшембиде болгон окуядан бери абакта кармалууда. Журналистти колдогон демонстрациялар Багдаддын Садр районунда жана Нажаф шаарында өттү. 14-декабрда Багдадда, Жорж Буш Ирактын премьер- министри Нури ал-Малики менен маалымат жыйынын өткөрүп жаткан учурда журналист ал-Зейдини Бушту "ит" деп атап, аны көздөй эки бут кийимин тең ыргыткан. АКШ президенти буйтап кетүүгө үлгүргөндүктөн, ыргытылган бут кийимдер ага тийген жок. Ирактыктардын салты боюнча адамды бут кийим менен уруу аны катуу кемсинткендик болуп эсептелинет. Жорж Буш болсо бул окуяны комментарийлеген сөзүндө аны саясий нааразылык билдирүүгө салыштырып, көңүл бурдуруунун бир ыкмасы катары баалады. Ирак өкмөтү журналисттин иш берүүчүлөрүн коомчулук алдында кечирим суроосун талап кылышууда.