Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:04

АКШда Нобель сыйлыгынын ээси энергетика министрлигине сунушталды


АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама Нобель сыйлыгынын лауреаты Стивен Чуга энергетика министрлигин сунуштады. Физика илимине кошкон салымы үчүн Нобель сыйлыгына 1997-жылы татыган Стивен Чу – климаттын өзгөрүүсүн иликтеген белгилүү адис. Өз сөзүндө Барак Обама Стивен Чу энергия кубатынын жаңы формаларын издөөдө, чет элдик мунайды импорттоону азайтууда ийгиликтерге жетерине үмүт артты. “Илим жана энергетикалык стратегия жаңы администрациянын артыкчылыгы болот” деди Барак Обама.

XS
SM
MD
LG