Бул тууралуу Гейтс өткөн ишемби күнү Бахрейнде регионалдык коопсуздук конференциясында билдирди. “Кокус террордук күчтөр Обама Ак үйгө кирген соң анын баш терисин байкап көрө турган маал келди деп чечсе, абдан катуу жаңылып калышат,-деп айтты Пентагондун башчысы. - Жаңы президент жана анын командасы АКШнын Жакынкы Чыгыштагы өнөктөштөрү менен союздаштарынын коопсуздугун чечкиндүү коргогонго даяр”.
Гейтс Тегеран бийликтерине кайрылып, Иран региондогу өлкөлөр үчүн кооптуу коңшу эмес, коопсуз коңшу болуп калышы керектигин белгиледи. Бери эле дегенде Вашингтон ушуга үмүт кылат. Бирок Ирандын атом чөйрөсүндөгү иштерине байланышкан маселеде Обамада эч кандай куру кыялдар жок экенин да ал эске салды.
Андан мурда Гейтс Кабулда болуп, Иран ушу тушта Иракка караганда Ооганстанга чоң коркунуч келтире баштаганын айткан эле. “Азыр деле Ирандан радикалдар Иракка өтүп жатышат, бирок алардын Ооганстан жана Пакистан менен тогошкон чек ара бойлорундагы аракеттерине салыштырганда бул кантсе да чектелүү көрүнүш”, - деп көрсөттү Пентагондун башчысы.
Айрым маалыматтарда Багдад жана Вашингтон өкмөттөрү коопсуздук келишимин түзгөн соң Иран Ирактагы радикалдарга көрсөтүп келген көмөгүн кыскартып, чыгыштагы коңшуларына назар бура баштаганы айтылат.
Бахрейнден соң Гейтс Багдадга келип, ага жакын турган Балад шаарындагы авиабазада болду. Америкалык жоокерлер алдында сүйлөгөн сөзүндө Ирактагы аскерлердин санын кыскартуу процесси башталганын айтып, эмдиги жылдын жайына чейин контингенттин планы бир топ өзгөрө турганын жарыялады.
“Январдан тартып жазга чейин Ооганстанга эки бригада аскер бөлүгүн жөнөтүүнү караштырып жатабыз, биринчи кезекте генерал Дэвид Маккирнандын (Ооганстандагы коалициялык күчтөрдүн колбашчысы – Ред.) авиациялык күчтөрдү толуктоо тууралуу өтүнүчү эске алынышы мүмкүн”,- деп билдирди Гейтс.
Пентагондун башчысы быйыл жайдан кийин Иракта канча аскер каларын тактаган жок. Ушу тушта алардын жалпы саны 150 миңге жетет.
Жаңы президент Обама алдыдагы он алты айда аларды кыскартып, мунун эсебинен Ооганстандагы контингентти чыңдаганы жатат.