Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:13

Жарандык коом Ноокаттагы окуянын себептерин иликтегени жатат


Акыйкатчы алдындагы укук коргоочулар кеңешинин жыйынында Ноокат окуясы талкууга алынып, анда укук коргоочулар баш аламандыктын чыгуу себебин өздөрү иликтей тургандыктарын билдиришти. Адвокат Улукбек Усмановдун айтымында, баш-аламандыкка катышы бар делген адамдардын үстүнөн жүргүзүлгөн сот процесси өтө тез болгон жана иш толук кандуу изилденген эмес. Кеңештин мүчөсү Динара Ошрахунова: “Мамлекет дин боюнча бул багытта түшүнүктүү саясат жүргүзгөндө Ноокаттагы абал болмок эмес. Ошол себептүү мамлекет дагы, жарандык коом дагы ага көбүрөөк көңүл буруп, анын себебин изилдеп чыгышыбыз керек. Болбосо мындай окуя жалгыз эле Ноокат эмес башка жакта да кайталанышы мүмкүн”, - деп белгиледи.(AzK)

XS
SM
MD
LG