Линктер

шаршемби, 23-август, 2017 Бишкек убактысы 12:17

УТРКнын жетекчисине нааразы журналисттер эртең ачкачылык жарыялашат


УТРКнын өткөн айдан бери нааразылык акциясын өткөрүп жаткан журналисттеринин бири Бейшенбек Бекешовдун айтымында, алар муну менен УТРКнын Башкы директору Мелис Эшимканов кызматынан кетсин деген талаптарынан кайтпай тургандыгын билдиришет. Андан тышкары башкы директордун каржылык мыйзам бузууларга баргандыгына коомчулук менен бийликтин көңүлүн буруу максатын көздөп жатышат. Бекешовдун айтымында, кадр саясатына нааразы болгон журналисттер УТРКнын финансылык иштери да текшерилсин деген талап менен Эсептөө палатасына кайрылышкан менен бийлик аны этибарга албай жатат. Ошондуктан, бул талаптардын аткарылышы үчүн ачкачылык жарыялоого мажбур болушту.(BD)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG