Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Кыргызстан Өзбекстандан газды мурунку баада алууга ниеттенүүдө


Мындай маалыматты Энергетика жана отун ресурстар министри Ильяс Давыдов бүгүн Жогорку Кенештеги Социал-демократтар фракциясынын жыйынында билдирди.Анын айтымында, учурда Өзбекстан газдын 1000 кубометрин 300 долларга баалап, келишимди 18-декабрга чейин түзүү шартын сунуштоодо. Бирок Кыргызстан тарап Өзбекстандын өкмөт башчысына газды мурунку баада калтыруу өтүнүчү бар (1000кубометри 145 доллар) кат жолдогону жатат. “Ошондой эле биз суу-энергетика маселесине байланыштуу өкмөт аралык келишимдер боюнча жыйын уюштурууну сунуштоодобуз. Анда биз суу ресурстары менен камсыз кылуу боюнча өзүбүздүн шартыбызды айтабыз. Ал эми учурда кат өкмөт башчы Игорь Чудиновдун кол коюсуна жөнөтүлгөн”,-деди Ильяс Давыдов.(AzK)

XS
SM
MD
LG