Шаардын «Телтору» ат майданы оңдоого муктаж. Аны атайын комиссия аныктаган. Мусулмандар Кенешинин тең төрагасы Турсунбай Бакир уулу шаардык мэрияга митинг өткөрүүнүн максатын ачык айтпай кайрылган. Анын өтүнүчүн четке кагууга ушул эки жагдай түрткү болду. Анын өзүнө мэриянын чечимин жокко чыгарууга ниети болсо, Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотуна кайрылууга укуктуу экендиги түшүндүрүлгөн жооп кат жиберилди. Мындай маалымат шаар мэри Тилек Акамбаевден 16-декабрда алынды. Анын айтымында, облустагы мусулмандар арасында жакшырып бараткан кырдаалды кайра курчутууга болбойт. Турсунбай Бакир уулу шаардын ат майданында 22-декабрь күнү митинг өткөрөөрүн билдирип, буга дейре Жалал-Абат шаардык мэриясына кайрылган. (YA)