Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:34

Түркиялык интеллектуалдар тобу Армениядан кечирим сурады


Түркиялык окумуштуу, жазуучу, журналист, көркөм өнөр чеберлеринин 200дөй өкүлүнүн Армениядан Биринчи дүйнөлүк согушта армяндардын массалык кыргыны үчүн кечирим суроосу Интернет аркылуу таратылды. Түркиялык интеллектуалдар өз билдирүүсүндө "геноцид" деген терминдин ордуна "Улуу кыйроо" деген сөз айкашын колдонгон. Алардын мындай кадамы эки ортодо дээрлик 100 жылга созулган душманчыл маанайды жоюу үчүн Түркия менен Армениянын дипломатиялык чөйрөдөгү аракеттерине дал келүүдө. Бирок түрк улутчуларды интеллектуалдар тобунун Армениядан кечирим суроосун чыккынчылык катары карашат.

XS
SM
MD
LG