Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:00

АКШда үстөк пайыз рекорддук деңгээлге түшүрүлдү


АКШнын Улуттук банкы болгон Федералдык резерв системасы насыяларга үстөк пайызды эң төмөнкү деңгээлге түшүрдү. Учурда үстөк пайыз 0.25 пайызды түзөт. 2007-жылы сентябрда ал 5,25 пайыз болчу. Федералдык резерв системасы бул кадамын банктар аралык насыя базарын жандандырып, экономиканы стимулдаштыруу аракети менен түшүндүрдү. Улуттук банктын мындай чечиминен кийин АКШдагы ишкерликтин негизги индекси болгон Доу Жонстун көрсөткүчтөрү бир кыйла көтөрүлгөнү кабарланууда.

XS
SM
MD
LG