Линктер

дүйшөмбү, 21-август, 2017 Бишкек убактысы 16:13

2007-жылы экономиканын баардык тармактарында өсүш болду


Бул тууралуу каржы министри Тажикан Калимбетова бүгүн өткөн министрликтин отурумунда билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы мамлекеттик боюджеттин 56,8 пайызы социалдык чөйрөгө жумшалган. Жалпысынан макроэкономикалык стабилдүүлүк сакталып, экономиканын баардык тармактарында өсүш байкалган. Ички дүң продукт сегиз пайызга жогорулаган, ал эми мамлекеттик казынанын киреше бөлүгү мурдагы жылга салыштырмалуу кырк эки пайызга өскөн. Министрдин айтымында, мындай көрүнүш салыктардан түшкөн кирешенин көбөйүшүнөн болгон. (AiJu)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG