2009-жыл чыгыш жылнаамасы боюнча уй жылы. Уй-шашылбаган, бирок өтө өжөр жаныбар эмеспи, ошондуктан жаңырган жылы кандайдыр бир чечимдерди кабыл алаарда шашылбастан, терең ойлонуп туруп бир бүтүмгө келүү оң дешет астрологдор. Башкача айтканда, “Жети өлчөп, бир кес” деген макалды унутпаганга аракет жасоо зарыл.
Астролог Нина Криницкаянын айтымында, келе жактан жылда баш көтөрбөй көп иштөөгө туура келет:
- Уй жылы эмгекти сүйгөндөр үчүн мыкты жыл. “Алма быш, оозума түш” дегендер ийгиликке жетем десе, эмитен эле жалкоолуктан арылууга аракет жасашы зарыл. Уй - консерватор, ал жаңы, адаттан тыш нерселерди анча жактыра бербейт, андыктан адамзаттын жашоосунда өтө чоң өзгөрүүлөр деле болуп кетпейт.
Астролог айымдын айтымында, келе жаткан жылда суу куйду белгиси активдүү болот. Суу куйду жаңы, заманбап, адамды таң калтырчу нерселерге жакын болгондуктан, баардык тармактарда жаңыланууну күтүүгө болот.
- Консерватизмди жактырган уй жылына жаңылануунун, өзгөрүүлөрдүн жарчысы катары саналган суу куйду белгиси таасир эткени кызык. Демек, жаны жылда күтүүсүз окуялар, бурулуштар болуп кетиши толук ыктымал. Суу куйду жаштардын белгиси десек болот. Анткени жаштар дайым жаңы идеяларга бай келет эмеспи, андыктан энергиясы ашып-ташып турган, жаш, активдүү адамдар бул жылы оңой эле өз максаттарына жете алышат.
Ал эми жаңы жылда өлкөнүн тагдыры кандай болчудай? Саясат майданында окуялар курчуйбу же тескерисинче тынчтык өкүм сүрөбү?
Астролог буларды айтат:
-Саясий майданда уй сымал өжөр, өзүнүкүн бербегендер каалабаса дагы башка өңүттө ойлонгон, жаңы көз караштагы активдүү адамдарга орун бошотуп бериши мүмкүн. Канчалык өз алдынча болуп, башкалардан жардам сурабайлы десек да, баарыбир эмдиги жылы өзгөчө чет мамлекеттердин көмөгүнө муктаж болобуз.
Ал эми байыркы фэн-шуй илиминин адиси Альфия Ханмурзина келе жаткан жылы бизди ийгилик коштоп жүрүүсү үчүн 2009-жылды тосуунун жол-жобосу тууралуу сөз кылат:
- Эмдиги жылда көптөгөн ийгиликтерге жетем десеңиз, анда эскилиги жеткен буюм-тайым, кийим-кечеден, жүрөктү өйүткөн жаман ойлордон арылуу керек. Майрамдык дасторконду кышкыга даярдап койгон салаттар, көбүрөөк жер-жемиш менен толтуруу зарыл, ал эми уйдун кыжырын келтирбеш үчүн столго уйдун этин койбой эле койгон.
Уй - үй жаныбары болгондуктан, жаңы жылды өз үйүңүздө, жакындар менен тосуу зарыл. Эскилиги жетсе дагы көңүлүңүзгө жаккан, өзүңүзгө жакшы жарашкан кийимиңизди кийип, уйдун жинине тийип албаш үчүн кызыл түстөн алысыраак эле болгонуңуз оң.