Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:54

Глобалдуу кризис: Мунайдын баасы дагы төмөндөдү


Алжир - OПЕКтин төрагасы Шакиб Келил жыйындан кийинки пресс-конференцияда,17 dec2008
Алжир - OПЕКтин төрагасы Шакиб Келил жыйындан кийинки пресс-конференцияда,17 dec2008

Мунай экспортерлорунун картели - OПЕК мунай өндүрүү кыскартылаарын жарыялаганы менен, кара майдын баасы дагы төмөндөдү. Аны менен бирге доллардын куну да качты. АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама бүгүн кечинде Баалуу кагаздар жана биржалар коммиссиясынын жаңы төрагасын атамакчы.

Азиядагы биржаларда мунайдын баасы 4 жарым жылдан берки рекорддук төмөн чекке жетти. Анын алдында мунай экспортерлорунун уюму – OПЕКке кирген 13 өлкө кара май өндүрүүнү күнүнө 2,2 миллион баррелге азайтуу жөнүндө макулдашышкан.

Уюм өндүрүштүн кыскартылышы мунай баасынын көтөрүлүшүнө алып келет деп үмүттөнгөн эле. Бирок рыноктун реакциясы энергияга болгон талап канчалык төмөндөгөнүн айгинелейт. Түн ичинде кара майдын 1 баррели 39,19 долларга түшүп кетти.

OПЕКтин маалымат катчысы Омар Ибрахим баанын төмөндөшүн глобалдуу кризис менен түшүндүрдү:

-Олуттуу экономикалык ылдыйлоо талаптын кыйрашына алып келди. Натыйжада, мунайдын баасы 2008-жылдын июлунан бери 90 процентке арзандады.

АКШнын кыймылсыз мүлк тармагынан башталган кризис дүйнөнүн эң өнүккөн өлкөлөрүнүн экономикасындагы рецессияга алып келди. Бир катар ири компаниялар өндүрүшүн токтотуп, массалык жумуштан кетирүүлөр башталды.

Банктар болсо мурдагыдай кредит бербей калышты. Ошентип, кардарлардын керектөөсү төмөндөдү. Аналитиктердин айтымында, рынок мунай казуу азайтылаарын мурда эле күткөн, андыктан OПЕКтин чечимине карабай мунайдын баасы көтөрүлгөн жок.


Бул аралыкта АКШ доллары да евро менен япон йенасына карата кыйла алсырады. Кечээ 1 доллар 1,45 еврого жана 87,11 йенага сатылып жатты.

Ушундай кыйын кырдаалда АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обама Мэри Шапирону Баалуу кагаздар жана биржалар коммисясынын төрагалыгына көргөзгөнү жатат. 1929-жылы түзүлгөн мекеме инвесторлордун кызыкчылыктарын коргогон баалуу кагаздар жөнүндөгү федералдык мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөйт. Ошол мыйзамдар баалуу кагаздар рыногунда калыс жана адилет соода жүогүзүүнү камсыздоону максат кылат.

Агенттик Уол Стриттеги кыйроолор, бир катар финансылык чатактарга байланыштуу бир топ сынга туш болду. Мыйзам чыгаруучулар комиссия ири банктардын банкроттугуна алып келген проблемага мурдатан көңүл буруш керек эле дешүүдө.

Андай акыркы чатактардын бири – Бернард Мэдоффтун иши. Анын финансылык көз боемочулугу инвесторлорду дээрлик 50 миллиард доллар чыгашага учураткан. Мэдоффтун финансылык ишмердигине көңүл буруу чакырыктарына карабай, комиссия өз убагында керектүү чара көргөн эмес.

XS
SM
MD
LG