Эртең Ооганстанга Пакистандын президенти Асиф Али Зардари бара турган болду. Ал ооган президенти Хамид Карзай менен терроризмге каршы күрөшүүнүн биргелешкен жолдорун талкуулайт. Ооганстан менен Пакистан - “террорго каршы күрөштө” АКШнын жакын союздаштарынан деп эсептелинет.