Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Ирак: БААСчы офицерлердин кутумунун "бети ачылды"


Ирак өкмөтү Ички иштер министрлигинин отуздай кызматкери камакка алынганын тастыктады. Алар Саддам Хусейн кулатылганга чейин өлкөнү башкарган БААС партиясын кайра түзмөк болду деп шектелүүдө.

«Нью-Йорк Таймс» гезитинин маалымдашынча, өкмөттү төңкөрмөк болду деп шектелип, 35дей адам кармалган. Алардын ичинде лейтенанттан тартып, генералга чейин бар.

Багдадда айтылган имиш-имиштерге караганда, Ички иштер министрлигинин камакка алынган кызматкерлери Саддам Хусейндин БААС партиясын калыбына келтирип, өкмөттү төңкөрүүнү көздөшкөн.


Ички иштер министрлигинин өкүлү, генерал-майор Абдул Карим Калафтын Ройтерс агенттигине айтышынча, кутумчулар БААС партиясын калыбына келтирүүнү көздөгөн «ал-Авда» уюмуна кирген деп шектелүүдө жана азыр Адилет министрлигин көзөмөлү астында сурак беришүүдө.

Мурдараак «Нью-Йорк Таймс» гезити бардыгы 35тей адам кармалып, алардын ичинде лейтенанттан тартып, бригада генералына чейин бар экенин билдирген.

Генерал Калаф 4-ноябрда «Азаттыкка» берген маегинде, «ал-Авда» тобу Ирактын көпчүлүк бөлүктүндө бийликке каршы иштерди жүргүзүп жатканын айткан:

-«Ал-Авда» партиясы тыйуу салынган БААС партиясынын экинчи жүзү. Партия өлкөнүн көпчүлүк бөлүктөрүндө калабаларды уюштурду. Алар бир канча мезгил Ички иштер министрлиги менен чалгындоо кызматтарынын байкоосу астында болду. Партиянын бөлүмдөрү Дыяла провинциясында, ал-Даурда, Тикриттин чыгышында, Самаранын жанында жана Мосулдун түштүгүндө аракеттенүүдө. Бирок, биздин күчтөр жүргүзгөн операциялардын натыйжасында алардын ишмердүүлүгү айрым аймактарда кыскарды.

«Нью-Йорк Таймс» акыркы санында Ирактык ырасмий адамдарга шилтеп, кармалгандардын айрымдары премьер-министр Нури Маликинин өкмөтүнө каршы кутум уюштурууну пландады деп шектелип жатканын жазды. Кутум пландалганын, Франсс пресс, Ассошэйтед пресс жана башка Батыш агенттиктери да кабарлашты.

Бирок Ички иштер министрлигинин коомдук байланыштар бөлүмүнүн башчысы, генерал Ала ал-Таей офицерлер өкмөткө каршы кутум уюштурбай эле, өздөрүн ашкерлеген маалыматтарды жок кылуу үчүн министрликтин имаратын өрттөмөк болушканын билдирди.

БААС партиясы 2003-жылы мартта АКШ баштаган күчтөр Иракка басып киргенге чейин өлкөнү башкарган. Саддамдын бийлиги кулатылгандан кийин миңдеген баасчылар өкмөттүк кызматтардан четтетилген. Бирок, өткөн жылдан бери БААСтын төмөнкү даражадагы мүчөлөрү кайрадан кызматка алына баштаган. Мисалы, Ички иштер министрлигинин көпчүлүк кызматкерлери баасчылар.

Январда Иракта провинциялардык шайлоолор өтөт. Премьер-министр Маликин атаандаштары аны шайлоо алдында өз партиясынын абрюн көтөрүү үчүн өлкөдөгү бейстабилдүүлүк тууралуу күбүр-шыбыр сөздөрдү таркатууда деп күнөөлөштү.

XS
SM
MD
LG