Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:22

Б. Букашева: Биринчи кезекте өзбек бийлиги күнөлүү болот


“Лица” гезитинин редактору Бермет Букашева “Азаттыктагы” маегинде өзүнө карата куугунтукту өзбек бийлиги уюштурушу ыктымылдыгын билдирди. Б. Букашева аталган гезиттин акыркы санына өзбекстандык оппозиционер Мухаммад Салихтин өзбек президенти Ислам Каримовго ачык каты жарыялангандан кийин телефон чалып коркуткандар болуп жатканын айтты. Ушундан улам киши колдуу болгон өзбек журналисти Алишер Саиповдун окуясы кайталанбашы үчүн, өз өмүрүнө кабартырланып укук коргоочуларга кайрылган. Биринчилерден болуп өлкөнүн Акыйкатчысы үн катып, Б. Букашеваны коргоп калуу мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирген. Журналист өзүнүн гезити оппозициялык маанайда экенин ырастап, бирок кокус кандайдыр бир окуя болуп кетсе кыргыз бийлигин эмес, Өзбекстандын атайын кызматтарын айыптай турганын билдирди. (EBM)

XS
SM
MD
LG