Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Түркия: “Ал-Каида” уюмуна мүчө деп шектелген 30 адам кармалды


Түркиянын Стамбул шаарында коопсуздук кызматы “ал Каида” уюмунун мүчөсү деп шектелген 15 кишини колго түшүрдү. Учурда башка мүчөлөрдү дагы кармоо боюнча операция уланып жатканы кабарланууда.

Шаршемби күнү коопсуздук кызматкерлери Стамбул шаарынан баштап, өлкөнүн бир катар ири шаарларында жүргүзгөн операциялардын жүрүшүндө, Стамбулда 15, башка шаарларда дагы 15 киши болуп жалпы жонунан 30 адам “ал Каиданын” мүчөсү деп шектелип кармалган.

Стамбул шаарынын полиция башкармалыгынын жетекчиси Желалеттин Жеррах операция уланып жатканын маалымдады:

- Биз өз ишибизди өзүбүз жасап, өз киндигибизди өзүбүз кесебиз. Учуру келгенде кеңири маалымат берилет.

Маалым болгондой, Түркиянын коопсуздук органдары август айында өлкөнүн түштүк чыгыш аймактарында, “Мусулмандардын өч алуу кошууну” деген бир террордук уюм түзгөн деп айыпталып, “ал Каида” менен байланышы болгон деп шектелген 11 кишини кармаган эле. “Ал Каиданын” Түркиядагы бир жалданма тобу 2003-жылдын ноябрында Стамбул шаарында 2 синагогдо жана Британиянын консулдугу менен бир банктын кеңсесинде бомба жардырган болчу. Ошол окуяларда 63 кишинин өмүрү кыйылып, жүздөгөн адамдар жаракат алган эле.

30 жылдан бери ПКК тобунун жикчил иш-чаралары менен алпурушуп келаткан Түркия ошол Стамбул жардырууларынан кийин “ал Каида” террору менен таанышып, эл аралык террорчулука каршы күрөшүүдө батыштык өлкөлөрдү биргелешип аракеттенүүгө чакырып келүүдө. Кийинки бир катар сурамжылоолордун натыйжасына ылайык, Түркиянын эли биринчи катарда террорчулуктан кабатырланууда. Маселен, коомдук пикирди сурап билүүлөргө ылайык түрк калкынын 68 пайызы баалардын асмандап баратышынан жана жалпысынан глобалдык экономикалык кризистен көрө террорчулуктан кабатырланганын билдирген.

Анын аралыгында, Анкара шаарында мамлекеттик прокурор билдирүү жарыялап, өткөн июль айында Стамбул шаарындагы АКШнын консулдук имаратына чабуулды иликтөө иштеринин алкагында 2 киши “ал Каида” уюмуна мүчө болгон деп кылмыш иши козголгонун маалымдады. 9-июлда болгон терракта 3 полициячы менен кошо чабуул койгон 3 террорчу да өлгөн эле.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG