Мындай маалымат партиянын жаштар канатынын жетекчиси Жоомарт Сапарбаевден алынды. Алар 19-декабрда маалымат эркиндигине куугунтук токтотулсун деген талапты колдогондордун колун топтоп жатканда милиция кармап, Ленин райондук соту милицияга баш ийбей койду деген кине менен 3 күндүк абакка кескен. Партиянын жаш канатынын мүчөлөрү Калыс Боронбаев жана Гүлниза Бейшенбаева бул чечимге макул болбой шаардык сотко арыз беришкен. “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова “Азаттыкка” кол топтоо үчүн камакка алуу эч бир мыйзамда жок, бул милиция менен соттун адам укуктарын бузгандыгынын бир фактысы деп билдирди. (BD)