Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Э.Бөлөкбаев: Прокуратура мени камаса камай берсин


Жашылдар партиясынын кеңсесиндеги тинтүү.
Жашылдар партиясынын кеңсесиндеги тинтүү.

“Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаев бүгүн Башкы прокуратурага чакыртылган. Буга чейин партиянын кеңсеси укук коргоо органдары тарабынан санкциясыз тинтүүгө алынган болчу.

-Эркин мырза бүгүн сизди кайсы күнөөңүз үчүн Башкы прокуратурага чакырып жатат?

- Мен окуянын чоо-жайын башынан айтып берейин. “Жашылдар” партиясынын кеңсээсинде Элдик революциялык кыймыл дагы иш алып баратпайбы. Мына ошол биздин партия жайгашкан кеңсеге 13-декабрда прокуратурадан өзгөчө иштер боюнча башкы тергөөчү Исманов деген адам, Улуттук коопсуздук кызматынан алты-жети адам, милициядан формачан эки адам, кеңсенин сыртында 10-15 адам чаап ала тургансып мен жокто аңтарып-теңтерип текшерүү жүргүзүп жатышыптыр. Мен текшерүүнүн аяк жагында келип калдым. Эч кандай санкция жок. Укук коргоо органдарынан кандайдыр бир чечими дагы жок өз билгендерин жасап, тинтүү жүргүзүп жатышыптыр. Бул мамилеңер кандай? Десем, формачан жүргөндөн кийин текшере беребиз деп атышпайбы. Азыр мен ойлоп жатам, эмне үчүн Башкы прокуратурга барышым керек? Күнөөм кайсы? Кылмышкерминби? Күбө катары барамбы? Мага түшүнүксүз болуп жатат да. Дагы бир кооптуу нерсе биздин партиянын мүчөлөрүн укук коргоо органдары коркутуп мыйзамсыз суракка чакырып, кысым көрсөтүп жатат. Менин досторумду, туугандарымды паспорттук режим деген шылтоо менен тынчын алып жатышат.

- Эркин мырза бүгүн прокуратура чакырткандан кийин сизди камап коюшу мүмкүнбү?

-Мен ойлоп жатам бүгүн бийлик мага кандайдыр бир ишти таңуулап камап коюшу мүмкүн. Себеби бардык органдар бир үй-бүлөгө иштеп жатпайбы. Жанагы биздин кеңсээден Кытайдан алынып келген ундан меламин бар экендиги тууралуу документти, Чоң-Кеминдеги улуттук жаратылыш паркындагы 40 миң гектар жерди мыйзамсыз кен казууга иштетебиз деген маалыматты издеп жатышпайбы. Биз коомчулукка бийликтин ушундай мыйзамсыз аракетин жарыяласак куугунтукка алып жатышпайбы. Мына ошол материалды издеп тинтүү жүргүзүштү да. Эми буга байланыштуу прокуратура камаса камай берсин.

-Ишембиде президент Курманбек Бакиев Казакстандын Көкчө тау шаарында КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал саммитине катышып келбедиби? Бул жолугушууда дүйнөлүк финансылык кризиске байланыштуу маселелер да козголуптур. Мында К.Бакиев канчалык деңгээлде Кыргызстандын пайдасы үчүн маселелерди чечип келди?

- Казакстанда КМШга мүчө мамлекет башчылары чогулганда КМШ, ЕврАзЭстин реформасы жөнүндө маселе болмок. Бирок ал жөнүндө кенен маалымат жок. Ал эми экономикалык кризис боюнча айта келсек Казакстанда К.Бакиев канчалык деңгээлде Кыргызстандын пайдасы үчүн маселе козгой алды аны дагы айтыш кыйын. Бирок буга чейин райсмий бийлик дүйнөлүк экономикалык кризис таасир бербейт деп айтып келгени менен учурда бир катар ишканалар кризистин кесепетинен токтоп жатпайбы. Андан сырткары сууну сатып жибергендигинен энергетикада кризис болуп ишканаларга кыйынчылык алып келбедиби.

- Манастагы АКШнын авиабазасын чыгаруу маселеси козголуп жатпайбы, буга “Жашылдар” партиясынын көз карашы кандай?

-Партиянын көз карашы авиабазага дурус эле. АКШнын мамлекеттик департаменти айтып жатпайбы, Кыргызстан бизге эч нерсе деген жок, авиабаза тура берет деп. Ошондуктан бул маселени Курманбек Бакиев ачык айтып өзү чечиши керек. Себеби Акаев-Бакиевдин Конституциясында Бакиевге бийликтин бардыгы берилген.

-Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG