Ишемби, 20-декабрда Владивосток шаарында өткөн митингге 500дөн ашуун киши чыгып, ОМОН алардын ичинен 26 кишини кармап кеткен. Кийин сот алардын ар бирин 2 миңден рубль айыпка жыкканы дайын болду.
Владивостокто жекшемби күнкү да акцияга чыккан айдоочулар арасынан 20га жакыны кармалган. Алар менен бирге орусиялык жана жапондук кабарчылар кармалган.
Орусияда чет элдик унаасы барлардын нааразылыгы Түштүк Сахалин, Благовещенск, Хабаровск, Томск, Барнаул, Кемероводон т артып Калининградга чейин кыйла шаарларда өттү. Владивостокто шейшембиде уюшулган митингди дагы милиция кууп таркаткан.
Митингге катышкан Владивосток шаарынын тургуну буларды айтты:
- Бул жерге биз турак-жай үчүн төлөнчү акынын, бензиндин кымбатташына нааразы экенибизди билдирүү үчүн келдик. Бул үчүн мага жоопту ким берет? Путинби? Анда ал бизге жооп берсин!
Орусия базарына чет элдик унаалар көбүнчө Владивосток шаарынын порту аркылуу келет. Ал жерде пикетке чыккандар айтымына караганда, ошон үчүн чет элдик машинелерди сатуу чөйрөсүндө эле иштегендер 200 миңдей кишиге барат. Кризис кычап турганда анча киши ишсиз калуу оңой эмес дешет.
Адистердин баамында Орусиянын заводдору чыгарган машинелердин баасы чет элдик кармалган унаанын баасынан кымбат. Мындан сырткары турпаты жупуну.
19-декабрь күнү өкмөт башчы Владимир Путин орусиялык машине чыгаруучулар шаары Набережные Челныда болуп, ал жерде Орусиянын автоөнөр жайына колдоо көргөзүү үчүн 2009-жылы мамлекет федералдык бюджеттен 15,2 миллиард рубль бөлө тургандыгын жарыялаган. Андан соң орусиялыктарга кайрылып, Владимир Путин мындай деген:
- Машинелүү болсом деп жүргөндөр 2009-жылы машине сатып алганы жакшы.
Андан тышкары Путин Ыраакы Чыгышка жеткирилчү машинелердин жол киреси азырынча бекер болорун айткан. Ошондуктан бул күндөрү көчөгө чыккандар арасында Тольятти шаарынын машине куруучулары да болушту.
Жекшембиде митингге чыгышкан ВАЗ заводунун 500дөн ашуун жумушчусу көтөргөн баракчаларда «Бажы салыгы - болсун, соодагерлер - жоголсун!», «Сатып алуучуларга - мекен чыгарган машине! Орусиялыктарга жумуш ордун сактайсын!» деген жазуулар болгон жана алар өкмөттүн чечимин адилеттүү деп эсептей турганын билдиришкен.
Кечке жуук бери эле дегенде 30дан ашуун шаарда айдоочулардын нааразылыгы өткөн. Көчөгө чыккандар койгон талаптардын кээ бири саясий да мааниге ээ экен. Алар «Бирдиктүү Орусия» партиясы менен өкмөттүн чечимдерине каршы багытталган.
Хабаровск шаарында өткөн акцияга катышкан аткан машине айдоочу төмөнкүдөй ой айткан:
- Биз азыр жүргүзүлүп аткан саясатка нааразыбыз, биз ага макул эмеспиз. Ошону угушсун дейбиз. Бийлик бизди машине айдаганыбызды эмес, жөө жүрүүбүздү каалашат.
Нааразылык акциясына эң акыркылардан болуп Москва шаарынын машинелүүлөрү чыгышкан. Ага айрым маалыматтарга караганда 150дөй киши чыккан. Аларды көзөмөлгө алып чыккан милиция кызматкерлер эсеби 6 миңге жеткен.
Ошого карабай бул күнкү акциялардын жүрүшүндө башаламандык жана милиция менен кагылыш болгон эмес.