Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Шаардык сот “Ата Мекенчи” жаштардын арызын жакында карайт


Мындай маалымат “Ата Мекен” саясий партиясынын жаш канатынын лидери Жоомарт Сапарбаевден алынды. Анын “Азаттыкка” билдиргени боюнча Бишкек шаардык соту жаштардын милиция кызматкерлерине карата берген доо арызын кароо тиешелүү кагаздар келгенден кийин болорун билдирүүдө. Өткөн жума күнү “Ата Мекенчи” жаштар Бишкектеги Ош базарынын кире беришинде сөз эркиндигин кысууну токтотууга үндөгөн чакырыкка жарандардын колун чогултууга аракеттенген. Бирок Ленин РИИБнүн милиция кызматкерлери жаштарды кармап, алгач РИИБгө, андан кийин райондук сотко алып келишкен. Ленин райондук соту “Ата Мекенчилерди” милиция кызматкерлерине баш ийбегендиги жана пикет, митинг өткөрүү тууралуу мыйзамды бузгандыгы үчүн деген айып менен үч күнгө эркинен ажыраткан. “Ата Мекен” партиясынын жаштары өздөрүнүн укугун бузганы үчүн аталган РИИБнүн милиционерлерин сот жообуна тартуу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG