Линктер

жума, 18-август, 2017 Бишкек убактысы 18:32

Каржылык кризис Кыргызстандын өнөр жайына терс таасирин тийгизди


Бул тууралуу экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров бүгүн жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда тышкы суроо-талаптын азаюусунан улам курулуш материалдарын даярдоочу ири ишканалардын иши солгундады. Мындан тышкары өлкөдөгү энергетикалык кризиске байланыштуу электр энергиясын үнөмдөө да өнөр жайлардын өнүгүүсүн жайлатты. Министрдин берген маалыматы боюнча 2008-жылы ички дүң продукция 7,5% өстү. Он ай ичинде мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 37521,8 млн сомду түздү. Тышкы соода өткөн жылга салыштырмалуу 50% көбөйгөн.(ZKo)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG