Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:13

БЭК бел байлаганы калды


22-декабрда оппозиция Бириккен элдик кыймылды түзүүнүн алдында акыркы жолугушуулардын бирин өткөрдү. Келишимге 24-декабрда “Достук” мейманканасында кол коюла турган болуп жатат

Жаңы кыймылдын курамына Аликбек Жекшенкулов жетектеген “Акыйкат үчүн”, Амангелди Муралиев башында турган “Бирдиктүү Кыргызстан”, Азимбек Бекназаров жетектеген Элдик революциялык кыймылдары кирет. Андан сырткары жети партия кире турган болду. Алардын ичинде “Ата Мекен”, “Жаңы Кыргызстан”, Социал-демократиялык партия, Жашылдар партиясы, “Улуу Биримдик”, “Ак шумкар” жана “Асаба” партиясы бар.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев 22-декабрдагы жыйын натыйжалуу аяктаганын билдирди:

-Жыйынтык жакшы эле. Кудай буюрса, бардык маселелерди бүгүн талкуулап бүттүк. Жакын арада, эки-үч күндүн ичинде документтерге кол коюлат. Андан кийин маалымат каражаттарына жарыя болот.

Элдик революциялык кыймылдын лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиев 22-декабрдагы жыйында Бириккен Элдик Кыймыл кабыл ала турган билдирүү, кыймылдын негизги максаттары жана жобосу жактырылганын белгилеп, кыймыл кабыл ала турган дагы бир документ: Президентке жана кыргыз калкына кайрылуу жакын арада даяр болорун кошумчалады.

Жаңы кыймылдын жетекчилик структурасы тууралуу Топчубек Тургуналиев буларды билдирди:

11 киши саясий бюродо болот. Негизинен ар бир уюмдан бирден гана киши кирет. Паритет сакталат. Аларга бир коомдук ишмер кошулат. Ошону менен он бир болот. Андан сырткары Улуттук кеңеш болот. Ага ар бир уюмдан, негиздөөчү уюмдардан үч кишиден кирет. Ал эми биздин кыймылга мүчө болуп кийин кире турган уюмдардан бирден гана киши кирет.

Тургуналиевдин айтымында, 24-декабрда саат 11:00 “Достук” мейманканасында жаңы кыймылды түзүү боюнча келишимге кол коюш белгиленип жатат.

Бириккен Элдик Кыймыл нааразылык акцияларын январь айында эле башташы ыктымал. Ага Бишкек Жылуулук борбору баш болгон энергетика ишканаларынын саттыкка коюлушу себеп болот дейт Топчубек Тургуналиев:

-Январдан эле баштайбыз. Себеби дегенде январдын аягында Бишкек жылуулук борбору жана башка мекемелерди сатабыз дешип, саттыкка коюп жатышпайбы. Мына ошого окшогон элдин чоң байлыктары сатылып жатса, үнчыкпай отуруп бермек белек. Ошондуктан ар кандай талкуулар, нааразылык акциялар сөзсүз болот.

Саясат таануучу Марат Казакпаев оппозициянын биригүү аракетине мындай баасын берди:

-Жети партия, үч кыймыл кирип жатса, чоң эле кыймыл болот. Бирок көбүнчө радикалдык багыттагы күч болот го. БЭКтин урааны радикалдык багыттагы нааразылык акцияларын өткөрүү экени да белгилүү. Менин оюмча, кырдаал курчуп баратат. Нааразылык акциялар жазында болот го. Оппозиция аба ырайын да карайт. Бирок программасы жок болуп жатат.

Казакпаев кыргыз саясаты конструктивдүү эмес багытка көбүрөөк ооп баратканын, ага бийлик күнөөлүү экенин кошумчалады.

Расмий бийлик өкүлдөрү жаңы кыймыл тууралуу пикир билдире элек. Бийлик эң негизги максаты катары кырдаалды колдон чыгарбоо экени маалым.















  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG