Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:27

Иран бийликтери Ширин Эбадинин борборун жапты


Иран бийликтери 10-декабрда Тегерандагы Адам укугун коргоо борборун жапты. Борбор бул күнү Адам укугунун универсалдык декларациясынын 60 жылдыгын майрамдаганы жаткан. «Улуттар Уюму Ирандагы адам укугунун абалын сындаган резолюциясын жарыялаганда, борбордун маалыматына таянган», деп түшүндүрөт кеңсени жабуу себебин Нобелдин тынчтык сыйылыгын лауреаты Ширин Эбади «Азаттык» радиосуна берген интервьюда.

Тегерандагы Адам укугун коргоо борбору 10-декабрда Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча универсалдык декларациясынын 60 жылдыгын белгилегени жаткан. Борбордун орун басар директору Наргиз Мохаммадинин сөзүнчө, полиция салтанатка келген 300дөй конокторду борборго киргизбей койгон жана кеңсени жаап кеткен. «Азаттыктын» кабарчысы Фарангиз Наджибулла борбордун башчысы, таанымал укук коргоочу Ширин Эбадиден Иран бийликтеринин борборду жабуу себебин сураганда, ал мындай пикирин айтты:

- Бизге кеңсени жабуунун жайын ырасмий трүдө түшүндүрүшпөдү. Өткөн эки жылда Иран өкмөтү Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча байкоочуларын өлкөгө киргизген жок. Ошондуктан, Ирандагы адам укугун бузуулар боюнча биз даярдаган билдирүүлөргө эларалык коомчулук астейдил мамиле кылды. Мисалы, БУУнун Башкатчысы Пан Ги Мун ушул айда Башкы ассамблеяда Ирандагы адам укугу жөнүндө доклад жасаганда, биздин борбордун маалыматын колдонду. Бул докладдан кийин БУУнун Башкы ассамблеясы Ирандагы адам укугун бузууларды айыптады. Бул доклад биздин кеңсебизди жабуунун негизги жүйөсү болду.

Адам укугун коргоодогу эмгеги үчүн ирандык адвокат Ширин Эбадиге 2003-жылы Нобелдин Тынчтык жаатындагы сыйлыгы ыйгарылган. Укук коргоочунун сөзүнө караганда, Иран бийлиги Адам укугун коргоо борборун жабуу менен анын жана уюмдун ишмердүүлүгүн токтото албайт:

-Жок. Адам укугун коргоо боюнча ишмердүүлүгүбүз кеңсебиз же имаратыбыз жок болсо эле токтоп калбайт. Биз башка имаратты ижарага алып, ишибизди уланта беребиз. Биз тирүү турганда адам укугун коргоону токтотпойбуз.

Иран бийликтери биздин борборду жапканы менен башка укук коргоочуларды коркута албайт, алар өз ишмердүүлүгүн дагы күчөтөт, деп ишенет Ширин Эбади:

-Биздин кеңсени жабуу Ирандагы башка укук коргоочуларды дагы жигердүү иштөөгө түртөт. Иран өкмөтү Нобелдин Тынчтык сыйылыгынын лауреатынын адам укугун коргоо аракетин тыйгандан кийин, бийликтин башкаларды аябайсы жалпыга айкын болду. Ошон үчүн, адам укугун коргоочулар өз ишмердүүлүгүн дагы күчөтүшөт.

XS
SM
MD
LG