Кыргызстандагы жаңы саясий кыймылды түзүү макулдашуусуна 24-декабрда кол коюлгандан кийин анын жетекчилиги президентке жана элге кайрылуу жолдойт. “Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариевдин айтымында, азырынча кайрылуунун мазмуну боюнча акыркы макулдашуу боло элек. Ал эми кыймылдын иштөө принциптерин аныктоочу башка документтер жактырылды. Элдик революциялык кыймылдын лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” Бирдиктүү элдик кыймылдын Улуттук кеңешине кыймылга кирген саясий күчтөрдүн үчтөн өкүлү, аткаруучу орган болчу бюросуна бирден өкүл киргизилээрин билдирди. Анын айтымында, кыймыл түзүлгөндөн кийинки алгачкы акциясы январь ичинде энергетика тармагындагы жайларды менчиктештирүүгө каршы болушу мүмкүн.(BD)