Линктер

бейшемби, 17-август, 2017 Бишкек убактысы 14:04

ЕККУ Грузияда ишин токтотот


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) Грузиядагы миссиясын ушул жылдын аягында жаба турганын маалымдады. Дүйшөмбү күнү Венадагы жыйында Орусия миссиянын ишин улантканга каршы чыкты. Москва уюмдун миссиялары Грузияда эле эмес, Түштүк Осетия менен Абхазияда да болушу керек деген турумда. Миссиянын мандатын узартуу үчүн уюмга кирген бардык 56 өлкөнүн колдоосу керек эле. Өкүлчүлүктө 180 байкоочу бар. Алардын бир бөлүгү ок атышууну токтотуу тууралуу Москва менен Тбилиси ортосундагы келишимдин аткарылышын көзөмөлдөйт.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG