Бул туурасында шаардык мэриянын коомчулук менен байланыш боюнча башкармалыгы билдирди. Эми муниципалдык автобустардын маршрутунун схемасы кеңейтилет. Шаардык транспорт департаментинин билдирүүсүндө, шаар тургундарынын өтүнүчү боюнча, №42 автобусу 12-кичи райондон Абдрахманов көчөсүнө чейин Аалы Токомбаев көчөсү аркылуу жүрө баштайт,”Ала-Тоо” жаңы конушунан тарта Тоголок Молдо жолу аркылуу өтчү автобус кайтып келе жатканда, Тоголок Молдо көчөсү бир траптуу болуп калгандыгына байланыштуу Манас проспектиси аркылуу өтөт. Ал эми №4 автобус эми “Оберон” базарына тийип, Сары-Челек, Бухарская, Криворожская, Нурек жана Адыр көчөлөрү аркылуу өтүп калат.(AzK)