Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:17

Министр Ильяс Давыдов Ташкенге сапар алат


Кыргызстандын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Ильяс Давыдов 25-декабрда Ташкенге жөнөп кетет. Сапардын максаты келерки жылга газ сатып алуу боюнча сүйлөшүү жүргүзүү. Бул тууралуу “Азаттыкка” министрдин басма сөз катчысы Наталья Онкудович билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн алгачкы бөлүгүндө Өзбекстан 1000 куб метр газдын баасы 300 доллар болорун билдирген. Кыргызстан быйылкы бааны калтырууну көздөп жатат. Быйылкы жылы Кыргызстан газдын 1000 куб метрине 150 доллар төлөп жаткан.(AiT)

XS
SM
MD
LG