Мындай маалымат ЮНИСЕФтин мектепке чейинки балдардын акыл-эсин өстүрүү маселесине арналган бет ачар отчетунда айтылды. «Бул жолдо карышкырлар жок» деп аталган бул отчет өлкөдөгү мектепке чейинки мекемелерди, бала бакчалардын абалын жана балдарга билим, тарбия берүү маселелерине баа берүүгө көмөк болмокчу. Билим берүү жаатындагы эл аралык эксперт Рахат Орозова бул багытта жаңы жолдорду таап, тез арада стратегиялык комплекстүү чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи. Акыркы 5-6 жылда өлкөдөгү бала бакчалардын саны үч эсеге кыскарып, ушул тапта алардын саны республика боюнча 500гө чамалуу. 1990-жылдары жалпы балдардын 33 пайызы бала бакчасына барса, азыр ал 11 пайызга түшкөн. (КЕ)