Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:07

«Динди каралоого» каршы жортуулдун кесепти


Өткөн жумада БУУнун Башкы ассамблеясы адам укугун коргоочулардын өтүнүчүнө карабай, диндерди, өзгөчө исламды каралоону айыптаган резолюция кабыл алды. Бул төрт жыл удаа кайталанууда…

Улуттар Уюмун каптаган тоталитардык демилге II-Дүйнөлүк согуштан соңку доордогу адам укугу боюнча келишимдин негиздерин кайра жазууга алып барышы ыктымал, дейт Швейцарияда жайгашкан адам укугун коргоочу UN Watch уюмунун аткаруучу директору Хиллел Нейр.

Диндерди каралоону сындоо боюнча Улуттар Уюмундагы өнөктүктү 1999-жылы Ислам конференциясына мүчө өлкөлөр башталат. 2005-жылы даниялык карикатурист Мухаммед пайгамбардын тамаша сүрөтүн тарткандан кийин, ислам өлкөлөрүн диндерди каралоону токтотуу боюнча дипломаттык аракети ого бетер күчөйт.

Башкы Ассамблея өткөн жумада кабыл алган резолюция, адам укугу боюнча эларалык мыйзамдардын негизине коркунуч жаратат деп чоочулайт Швейцарияда жайгашкан адам укугун коргоочу UN Watch уюмунун аткаруучу директору Хиллел Нейер. Себеби Ислам конференциясы уюмунун демилгеси менен кабыл алынган резолюция шариятка байланыштуу маселелерди талкуулоого бөгөт койот жана Исламга карата айтылган ойлорду мусулмандарды кемсинтүү, Ислам динин каралоо деп баалаганга жол ачат.

Эгерде «Динди каралоо» жөнүндөгү резолюция колдонула баштаса, анда динге жамынып, адамдардын укугун бузууларды коргоо мүмкүн болбой калат, деп кооптонот БУУнун диний эркиндикти коргоо боюнча өкүлү Асма Жахангир. «Атүгүл динге байланыштуу илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн диний уюмдардан уруксат алынып калат», деп жазат Асма Жахангир.

Ушу тапта көптөгөн мамлекеттерде динаятчылар диний азчылыктарды, аялдарды жана кумсаларды куугунтуктоонун же зомбулук, террорчулук сыяктуу шоокумдуу иштерди актаган учурлар арбын. Айтсак, Иранда бахайилерди, Египет, Ирак жана Пакистанда тарсаларды куугунтуктоо кадыресе көрүнүшкө айланган. Сауд Арабиясы менен Суданда ислам дининен башка динге чокунган адамдар өлүм жазасына тартылат.

23 жаштагы Сайид Певек Ламбакш ооган аялдардын коомдогу ордун сындаган макаланы таркатканы үчүн «исламды шерменде кылды» деген айып тагылып, азыр абакта отурат. Пакистанда болсо Ахмадия жамааты исламды натуура чечмелейт деп, кысмакка алынып жүрөт. Ошентип исламды коргоо өнөктүгү биринчи кезекте мусулмандардын өзүн баталгага түртүүдө.

Динди каралоого жамынып, адам укугун бузууларга көз жумуп койуунун дагы бир далили - бул БУУ жакында сунуш кылган декларациянын долбоору. Расизм боюнча апрелде Швейцарияда өтчү Дурбан II конференциясын утурлай жарыяланган бул документ жөнүндө Хиллел Нейер мындай дейт:

- Алжир төрагалык кылган Дурбан II субкомитети өткөн жумада жасаган сунуш динди каралоону тыйуу салуу менен Расалык кемсинтүүлөрдү чектөө жөнүндөгү конвенцияны оңдоп жазууга чакырат. Бул Батыш мамлекеттерин таң калтырды. Эларалык келишимди оңдоо дүйнөлүк юридикалык системага түз таасир этет. 60 жылдыгы жаңы гана белгиленген Адам укугунун универсалдык декларциясында аныкталган принциптерге БУУнун өзүндө коркунуч болууда.
XS
SM
MD
LG