Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:05

Москвада эки скрипкачыга кол салынды


Москвада «Виртуозы Москвы» оркестринин эки скрипкачысын белгисиз адамдар сабап кетип, алар азыр ооруканада. Милиция кызматкерлеринин айтымында, Денис Шульгинге кылмышкерлер аны тоноо үчүн кол салышкан. Андан мурун, жекшемби күнү кимдир бирөөлөр ошол эле оркестрдин скрипкачысы Георгий Цайды бычактап кетишкен. Кылмышкерлерди издөө иштери уланууда.

Москванын тартип сактоо башкармасынын жетекчиси Виктор Бирюковдун айтымында, бул кылмыш боюнча милицияда азыр бир нече божомол бар. Милиция баалуу музыкалык апсаптарды тартып алуу максатта же атактуу оркестрдин болочок концерттерине тоскоол болуу үчүн кол салынган деп жоромолдоодо.

Бирок мындай божомолду жарадар болгондордун бири, улуту корей Георгий Цай жана өңү каратору орус Денис Шульгин четке кагышууда.

Алгачкы кол салуу 22-декабрда, Цай кечинде кезектеги көнүгүүдөн кийин үйүнө келе жатканда Плеханов көчөсүндө болгон. Музыкачынын айтканына караганда, арттан жетип келген беш бала бычактап, сумкасын кармай качышкан. Ал эми Шульгинге 23-декабрда арттан жете келишкен уландар баштан ары бир коюп, ал жыгылганда скрипкасын алып кетишкен.

Кабарларга караганда, Цайдын денеси бырча-бурча кесилип, канын көп жоготуп алгандыктан абалы оор. Шульгиндин башы жарылып, мээси чайкалып калганы дайын болгон. Скрипкада чебер ойногон уландын атасы Виктор Цайдын айтканына караганда, кол салгандар “адам” деген атка татыктуу эмес:

- Жете келгендер баламдын колунан сумкасын талашкан. Анда оркестрдин партетурасынан бөлөк эч нерсе болгон эмес. Ошондо аны каршылык көрсөтөсүң деп бычактап салышкан. Алар адам эмес, алар - айбан!

«Аргументы и факты» гезити кылмыштын улуттар арасындагы жек көрүүчүлүк маанайдан улам жасалганын белгилейт. «Москвада өңү славян эместерге кол салуу ар аптада болуп турат. Бир апта мурун эле улутчул такырбаштардын колунан Тажикстан, Казакстан жана Азербайжандын төрт жараны каза тапкан» деп жаззат гезит.

«Виртуозы Москвы» оркестрин негиздеген Владимир Спиваков «Труд» гезитине «Георгий Цайга улутчулдар кол салган» - деген.

Бул туурасында камердик оркестрдин деректири Григорий Ковалевский мындай дейт:

- Цайдын өңү кашкайып чыгыш элдеринен экенин ашкерелеп турат. Бул кол салуу улутук араздашуу негизинде болду. А экинчи окуяга келсек, ал жолку кол салуу - кадимки эле тоноо болду.

Милициянын баамында, “Виртуозы Москвы” оркестри менен атаандаш топтор скрипкачы Цайдын колун атайын бычактап, мындан ары анын оркестрде ойной албай калышы үчүн кыянаттык кылышкан.

Атактуу оркестрден жол талашып келаткан башка топтор болсо андай кинени четке кагышууда. Дагы бир божомолго ылайык, кылмышкерлер кымбат баалуу аспаптарды сатып пайда табыш үчүн кол салышкан.

XS
SM
MD
LG