Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:06

Америкалыктар Манаска 37 миллион доллар салууга ниеттенүүдө


Бул тууралуу депутат Бегалы Наргогузев маалымдап, аны өкмөт тез арада чечиш керектегин билдирди. Депутаттын айтымында, америкалыктар Манас аба майданында кошумча аянттарды куруп, база миссиясын аткарып бүткөндөн кийин ал аянттарды аба майданындын менчигинде калтырууну көздөп жатат. Эгерде кыргыз тарап жаңы аянттарды курууга уруксат бербесе, анда 37 миллион доллар коңшу мамлекеттерге кетиши ыктымал. Анткени АКШ Казакстан жана Өзбекстанда база курууга аракеттенип жатканын Россиянын Куралдуу Күчтөрүнүн штаб башчысы генерал Макаров билдирген.(AiT)

XS
SM
MD
LG