Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:54

2009-жылы журналисттерге кол салуу арбышы мүмкүн


Мындай чочулоосун “Журналисттер” бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын билдирүүсүндө Кыргызстанда журналисттердин коопсуздугун камсыздоо жааты кооптуу тейден калууда. Алалы, өтүп бара жаткан 2008-жылы өз кесибин аткарууда өлкөдө 5 журналистке кол салуу катталган. Мындан тышкары ушул жылы Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан журналисттердин суракка чакыруу, “Алиби” гезининин баш редакторун камакка алуу фактысы катталган. Маркум журналист Алишер Саиповдун өлүмү боюнча тергөө иштеринин соңуна чыкпай келиши да сөз эркиндиги жаатында Кыргызстанга аброй алып келбеди. “2009-жылы массалык нааразылык акциялар болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Мындан улам ММК өкүлдөрүнө карата кол салуу, сабоо, “көз жаздым кылуу” аракеттери болоорунан күмөн санабайм” -дейт Марат Токоев. (EK)

XS
SM
MD
LG