Экс-министр бул тууралуу “Азаттыктын” таңкы маегинде билдирди. Ал “Бийлик менин беделимди түшүрүү үчүн ар кандай маалыматтарды тарата баштады. Бул иште сыйлаган агам Үсөн Сыдыковдун кадамы мага такыр түшүнүксүз”-деп, “Жаңы Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү Үсөн Сыдыковдун жеке менчиги эмес экендигин белгиледи. Анын айтымында, бул маселе партиянын 15-майда өтчү курултайында чечилет. Кечээ бир катар маалымат каражаттары Исмаил Исаков “Жаңы Кыргызстандын” жетекчилигинен кетти деген маалымат тараткан. Исмаил Исаковдун айтымында, мындай маалымат Үсөн Сыдыковдун көрсөтмөсү менен таратылган жана Бирдиктүү элдик кыймылга кирүү чечими Үсөн Сыдыков менен бирге кабыл алынган.(BD)