Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:53

Израил башчысы ХАМАСка кол кезеди


Израилдин премьер-министри Эхуд Олмерт Палестинанын радикалдык ХАМАС кыймылына акыркы эскертүү жасады. “Эгерде ХАМАС Газа тилкесинен Израилдин аймагына ракеталарын жиберүүнү токтотпосо, Израил катуу чара колдонот” деп билдирди Эхуд Олмерт Ал-Арабия сыналгысына берген маегинде. Газа тилкесинде ХАМАСтын басма сөз өкүлү Фавзи Бархум “Израил ар бир кол салуу үчүн жооп берет” деп билдирди. Буга чейин Египеттин арачылыгы менен Израил өкмөтү жана ХАМАС кыймылы согуш аракеттерин убактылуу токтотуу тууралуу макулдашкан. Бирок бул макулдашуунун мөөнөтү өткөн аптада соңуна чыккан.

XS
SM
MD
LG